Казакстан менен БАЭ туризм тармагындагы мамилелерин бекемдөөдө

Казакстан менен БАЭ туризм тармагындагы мамилелерин бекемдөөдө

Нур-Султан шаарынын туристтик дарамети жаңы деңгээлге чыгат. Бүгүн борбор калаада Бириккен Араб Эмираттарынын алдыңкы туристтик уюмдары менен меморандумга кол коюлду. «Астана Инвест» компаниясынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Жалгас Молжигиттин айтымында, документ Бириккен Араб Эмираттарынан келген ири инвесторлордун жана компаниялардын жетекчилеринин катышуусунда эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды уюштурууга мүмкүндүк берет. Белгилүү болгондой, туризм пандемиядан эң көп жабыр тарткан тармактардын бири. Ага ылайык бүгүнкү күндө Казакстан өлкөгө туристтердин агымын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча иштерди күчөттү.

Жалгас Молжігіт, «Astana Invest» башкарма төрагасынын орун басары:

- Максаты – Нур-Султан шаарынын туристтик дарамети, ошондой эле борбор калаанын эл аралык иш-чараларды, конгресстерди, көргөзмөлөрдү, спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу. Биз кол койгон келишимде туризмди биргелешип өнүктүрүү, борбор шаарыбызды чет өлкөлөрдө, анын ичинде Перс булуңундагы туристтик аймак катары өнүктүрүүнү көздөйт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков