Казакстандын экспорт рыногу кеңейет

Казакстандын экспорт рыногу кеңейет

Казакстандык товарлардын экспорттук рыногу кеңейди. Өлкө Иран, Вьетнам жана Сербия менен эркин соода келишимине кол койду. Учурда бул өлкөлөр өздөрүнүн рынокторунда казакстандык өнүмдүн болушу үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу боюнча чараларды көрүштү. Бүгүнкү күндө Сингапур менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындан тышкары Израилге, Египетке жана Индияга ата мекендик жүктөрдү ташуу көздөлүүдө. Белгилей кетсек, учурда Казакстандын экспортунун 50% Кытай, Италия, Орусия жана Нидерландыга туура келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков