Алтын Ордо доорунун эстелиги музейге айланды

Алтын Ордо доорунун эстелиги музейге айланды

Түндүк Казакстан облусунда Алтын Ордо дооруна таандык «Кызыл Оба» археологиялык эстелиги музейге айланды. Бул ачык мазарларды жаратылыш кубулуштарынан, ал эми археологдорду аптаптуу ысыктан коргойт. Ошондой эле, облуска туристтерди тартуу көздөлүүдө.

Мындан 7 кылым мурун курулган көрүстөн 2019-жылы ачылган. Жер астынан эркек адамдын, аялдын жана 3 баланын сөөгү табылган. Археологдор аларды Жочи династиясынын урпактары деп аныкташкан. Мындан тышкары, күмүш тыйындардын, зер буюмдардын жана карапа идиштердин калдыктары табылган.

Жанат Баймүсенов, Тарыхый-маданияй мурасты коргоо жана пайдалануу борбору мүдүрүнүн орун басары:

- Эмне үчүн Алтын Ордо дооруна таандык деп жатабыз? Күмбөз төрт бурчтуу кыштан тургузулган. Бул ошол хандыктын убагында колдонулган материал. Аны Алтын Ордонун бренди десек да болот. Арадан 750 жыл өтсө да, кыш өтө бузулган эмес.

Аймакта Алтын Ордо дооруна таандык 7 күмбөз бар. Тарыхчылардын айтымында, алардын жанында ошол кездеги шаарча сыяктуу унаа токтотуучу жай болушу мүмкүн. Археологдор аны келерки жылы издөөнү мерчемдөөдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков