130 жылдык тарыхы бар мечит калыбына келтирилүүдө

130 жылдык тарыхы бар мечит калыбына келтирилүүдө

130 жылдык тарыхы бар байыркы мечит. Алматы облусунда мыксыз таза жыгачтан салынган Жаркент мечити реконструкцияланууда. Архитектуранын уникалдуу үлгүсү 19-кылымдын аягында Вали Ахун Юлдашевдин өтүнүчү менен кытай архитектору Хон Пик тарабынан курулган. 1948-жылы гана байыркы имарат архитектуранын уникалдуу эстелиги катары таанылып, мамлекеттин коргоосуна алынган. Мечит биринчи жолу 1975-1978-жылдары калыбына келтирилген. Андан кийин дагы беш ирет калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн. Алардын бардыгына уста Куаныш Сейитбеков катышкан.

Куаныш Сейитбеков, сүрөтчү-реставратор:

- Бул бардык фрескалардын, барельефтердин, арабесктердин өзөгүндө стилдештирилген өсүмдүк оймосу жатат – бул жашоонун философиясы. Карасаңыз, бул көптөгөн панно, оймо-чиймелүү ганч оюулары кандай гармониялуу көрүнөт. Өңүчү? Убакыттын өтүшү менен өңү өчүп баратканы менен, жалтыроосун жоготкон эмес. Музейди калыбына келтирүү иштерине экинчи жолу катышып жатам. Ошол кездеги усталардын чеберчилигине таң калып келем.

Мечиттин жасалгасында жашыл, кызыл, сары жана көк түстөр айкалышып колдонулган. Сырт жагындагы сүрөттөр убакыттын өтүшү менен өчүп кетсе дагы, бирок түп нускасы мурунку абалында сакталып калган, дешет музей кызматкерлери.

Райхан Амиреева, «Жаркент мечити» музейинин кызматкери:

- Боёк баштапкы кезинде абдан боёлгондуктан, азыркы кезге чейин өзүнүн калыбында сакталып турат. Ар кандай изилдөөлөрдүн жүрүшүндө боёктун курамынын сыры ушул күнгө чейин ачыла элек деп айтууга болот. Ошол баштапкы түсү сакталып турат. Дал ушундай боёк ушул күнгө чейин жасала элек экен.

Которгон: Илгиз Жамалбеков