Казакстанда чакан жана орто бизнес ээлеринин 45% айымдар

Казакстанда чакан жана орто бизнес ээлеринин 45% айымдар

Бизнесте иштеген аялдардын саны өсүүдө. Алардын көбү жаңы идеялардын негизинде стартаптарды түзүүдө. Ал эми кызыктуу долбоорлор абдан кирешелүү болуп чыгат. Рината Илюбаева эки баланын энеси. Бирок үй-бүлөлүү болуу бизнес чөйрөсүндө болууга тоскоол болбойт. Ал компанияларга товар жеткирүүчү - контрагенттерди текшерүүгө мүмкүндүк берген уникалдуу платформаны түзгөн стартапчы.

Рината Илюбаева, долбоордун негиздөөчүсү:

- Биз бул стартапты 2018-жылы түзгөнбүз. Ушул убакка чейин ири компаниялар өздөрүнүн контрагенттерин мүмкүн болушунча сынап келишкен. Алар egov порталына кирип, санариптик кол коюу менен авторизацияланган. Биз 20дан ашык түрдүү булактарды бир платформага бириктирдик. Мунун аркасында биз 3 мүнөттүн ичинде толук маалыматты чыгарып беребиз.

Ал эми Асем, Дана жана Мария аттуу үч курсташ коомго абдан керектүү социалдык долбоордун негиздөөчүлөрү. Алар өзгөчө муктаждыгы бар балдардын ата-энелерине жардам берүү үчүн ozim аттуу платформа түзүшкөн. Долбоордун авторлору ата-энелердин маалыматтык муктаждыктарын аныктоо үчүн изилдөө жүргүзүп, алынган маалыматтардын негизинде мобилдик тиркемени иштеп чыгышкан.

Асем Тажиева, долбоордун негиздөөчүсү:

- Пандемия башталгандан бери көптөгөн ата-энелер колдоосуз калышты, анткени салттуу борборлор оффлайн режимине өттү. Ошентип, эл өз көйгөйлөрү менен жалгыз калды. Ошондуктан биздин команда менен ата-энелерге бирдиктүү аянтча керек экенин түшүнүп, мыйзам бузуучулар гана эмес, муну менен катар, ата-энелер да бири-бири менен баарлашып, маалымат алмашууга мүмкүндүк берүүчү аппаратты иштеп чыктык.

Эми ата-энелерге керектүү маалыматты табуу үчүн интернетти карап отуруунун кереги жок. Себеби, стартапчы кыздар биригип, кесипкөй адистердин эң орчундуу суроолоруна жооп берген инструментти түзүшкөн.

Мария Ипполитова, долбоордун негиздөөчүсү:

- Ата-энелер бала менен үйдө окутуу, ага массаж жасоого жана башка керектүү суроолорго теориялык жана практикалык материалдарды алышат. Ал эми биз адистер жөнүндө айта турган болсок, бул алар үчүн өз оюн ачык айтууга, өз билимдерин бөлүшүүгө, материалдарды жарыялоого арналган диалог жүргүзүүчү аянтча.

Astana Hub бул долбоорлордун баарын ишке ашырууга мүмкүндүк берди. Эл аралык технопарктагы стартаптардын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөрү айтылат.

Меруерт Тилеубергенова, Astana Hub бизнес-программаларынын менеджери:

- Байкашымча, стартапчы кыздардын саны күндөн-күнгө өсүп жатат. Такси 5+, сулуулук ж.б. сыяктуу ири долбоорлорду мисал келтирүүгө болот. Бул стартаптардын негиздөөчүлөрү кыздар.

Айымдардын стартаптары ар түрдүү. Кээ бир айымдар өздөрүн чоң бизнесте сынап көрсө, айрымдары социалдык тармакка басым жасап, өлкө калкынын көйгөйлөрүн чечүүгө салым кошот. Белгилей кетсек, статистика боюнча, Казакстанда чакан жана орто бизнес ээлеринин 45% аялдар түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков