ASTANA HUB стартап мектеби ишин баштады

ASTANA HUB стартап мектеби ишин баштады

Өз стартабыңызды кантип ачууга болот, идеяны ишке ашырууну эмнеден баштоо керек, инвесторлорду кантип тартабыз жана кандай нюанстарды билүү зарыл? Ушул жана башка суроолорго эл аралык технопарктын адистери жана IT тармагындагы белгилүү ишкерлер жооп беришет. Astana Hub өз ишин баштоочулар үчүн жаңы курсун ишке кошту. Уюштуруучулардын айтымында, курска катышуу үчүн 600дөн ашык арыз келип түшкөн. Арыз бергендердин арасында казакстандыктар гана эмес, ошондой эле, башка мамлекеттердин өкүлдөрү да бар. Белгилей кетсек, адистештирилген платформада окутуу онлайн жана акысыз. Эң негизгиси катышуучулардын каалоосу болушу керек, дешет уюштуруучулар.

Айбар Үсенов, Astana Hub билим берүү программалары кеңсесинин ага менеджери:

- Биз уюштуруп жаткан курстун окутуучуларынын арасында Марат Төлебаев да бар. Ал абдан белгилүү инвестор, ишкер, технологиялык ишкердик жаатында абдан тажрыйбалуу бизнесмен. Ошондой эле, бизде бизнес мектебинин мүдүрү Алина Абдрахмановадай спикерибиз бар. Ал буга чейин борбордогу Женева бизнес мектебин жетектеген. Белгилей кетсек, баяндамачы Рината Илюбаева. Ал компаниянын жана стартап башчысы.

Курсту иштеп чыгуучулардын айтымында, жалпысынан 20га жакын белгилүү спикерлер жаңы бизнес ачууга даярданып жаткан жарандарга өз билимдери менен бөлүшөт. Сабак 2 жумага созулат. Astana Hub адистери стартап мектебинин бүтүрүүчүлөрү келечекте жаңы долбоорлордун алдыңкы авторлору болоруна ишенет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков