Казакстандын киноиндустриясы жаңы багытта өнүгөт

Жылдын башталышы Президенттин макаласы менен айкындалды. Касым-Жомарт Токаев «Эгемендүүлүк - баарынан жогору» аттуу ой-толгоосунда Казакстан коомчулугу үчүн бир нече маанилүү темаларды камтыган. Алардын бири киноиндустрия тармагынын өкүлдөрүнө арналды. Мамлекет башчысы компетенттүү органдарга жана ата мекендик телеканалдарга өлкө тарыхында ири масштабдуу тасмалар үчүн негиз болгон көптөгөн маанилүү окуялар жана тарыхый инсандар болгонун белгилеп, мамлекеттик буюртманын белгилүү бир бөлүгүн милдеттүү түрдө тарыхый темаларга багыттоону тапшырды. Ал көргөзмөлөргө же башка ири деңгээлдеги долбоорлорго кызыкпай, балдар жана жаштар үчүн жөнөкөй жана түшүнүктүү чыгармаларга басым жасоону сунуштады. Көрүүчүлөрдү баалуулугу менен кубандырган «Хабар» агенттиги жакында «Абай» теле сериалын эфирге чыгарды. Режиссер жана сценарист Мурат Есжандын айтымында, белгилүү бир окуяны көрүүчүлөрдүн аң-сезимине сиңирүү үчүн жаңыча багытта берүү маанилүү болуп саналат.

МУРАТ ЕСЖАН, РЕЖИССЕР:

 - Чынын айтканда, биздин тарыхыбыз жана адабиятыбыз азырынча толук экрандаштырыла элек жаңы нерсе, кинонун версиясы катары жалпы көрүүчүлөргө жете элек. Ошондуктан, албетте бул Президентибиздин айтып жаткан демилгеси. Айтылган маселе абдан орундуу жана актуалдуу. Айрыкча тарыхка жаңыча көз караш менен, жаңы бир кадамдар менен, аны бир гана тарыхый көз караш, кино жаатынан, методика-ыкмалар жаатынан жаңы бир багыттар менен жеткирүү бүгүнкү күндүн талабы.