Заводдорду санариптештирүү

Заводдорду санариптештирүү

Заводдорду санариптештирүү. Караганды облусунда ишканалардын базасында эки ири долбоор ишке ашырылды. Бул Индустрия 4.0 программасынын алкагында жасалды. Эми киргизилген технологиялардын аркасында бир эле адам бир эле учурда бир нече аппаратты башкара алат. Санариптештирүүнүн жумушчулардын жүгүн азайтуу жана өнүмдүн сапатын жогорулатуудан тышкары эки маанилүү артыкчылыгы бар. Бул жогорку өндүрүмдүүлүк жана коопсуздук. Заманбап технологиялар экологияга зыян келтирбестен көмүрдү кайра иштетүүгө да мүмкүнчүлүк берет. Эми 2025-жылга чейин облустагы 11 ири ишканада 40ка жакын санариптик долбоорду ишке ашыруу мерчемделүүдө.

Андрей Сафонов, заводдун өндүрүш боюнча мүдүрү:

- Өндүрүштү толук модернизациялоонун аркасында биз эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулаттык, технологиялык мүмкүнчүлүгүбүздү кеңейттик. Башкача айтканда, өндүрүмдүүлүктү 30 пайыздан 300 пайызга чейин арттырдык. Мунай-газ, темир жол жана энергетика тармагында өндүрүштү баштадык. Модернизациялоонун кийинки этабында биз автоматтык кураштыруу линиясын ишке киргизебиз. Бул 2022-жылга карата биздин долбоор. Башкача айтканда, биз ири көлөмдөгү куюу өндүрүшүн жылына 12 миң тоннага чейин модернизациялайбыз.

Алибек Молдакаримов, Өнөр жай жана индустриялык-инновациялык өнүктүрүү башкармасынын бөлүм башчысы:

- Өлкөдө санариптик үлгүдөгү заводдор деген түшүнүк бар. Анын ичинде биздин райондо эки завод ишке ашырылып жатат. Санариптик долбоорлорду ишке ашыруудагы негизги максатыбыз – бул эмгек коопсуздугу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков