АКШда «QAZAQ. Алтын адамдын тарыхы» тасмасынын бет ачары өттү

АКШда «QAZAQ. Алтын адамдын тарыхы» тасмасынын бет ачары өттү

АКШда Азия кинофестивалынын алкагында «Qazaq. Алтын адамдын тарыхы» даректүү тасмасынын бет ачары өттү. Тасмада белгилүү продюсер жана режиссёр Оливер Стоундун Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен болгон маеги аркылуу окуя желеси баяндалат. Анда Эл Башы Совет бийлигинин кулашы, эгемендүү мамлекеттин алгачкы кадамдары жана борбор калаанын пайда болушу тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүшөт.

Игорь Лопатенок, тасманын режиссёру:

- Саясий жана геосаясий темаларында актуалдуу маселелерди талкуулоо жүрүшүндө аудиториянын көңүлүн буруу оңой-олтоң иш эмес, абдан кыйын иш. Биздин тасма ошол көңүлдү кармап турган тасмалардын бири. Бул Эл Башынын жогорку чеберчилигинин аркасында деп айтсам жаңылышпайм. Анткени Нурсултан Назарбаев улуу инсан. Ал чыныгы лидер жана жооптору да реалдуу болгон. Ошондой эле, Оливер Стоун жогорку деңгээлдеги интервьючу экенин да белгилегим келет.

Режиссёрдун айтымында, «Казак. «Алтын адамдын тарыхы» эмгеги анын куржунундагы эң мыкты тасма. Ал эми америкалык аудиториянын бул долбоорго кызыгуусу мунун бир далили. Бет ачарга келгендерди картинанын музыкасы өзгөчө таасирлентти. Аны музыка менен кооздогон италиялык атактуу композитор Карло Силиотто.

Карло Силиотто, композитор:

- Казак элинин улуттук аспаптарына суктанам. Сиздердин маданиятыңыздар мени таасирлентти. Домбра, кобыз, кыл кобыз... Алардын үндөрү башка аспаптарга окшобойт. Мен бул аспаптардын оркестрин биринчи жолу укканда абдан жакшы көрүп калдым жана аны эч качан унутпайм.

Даректүү тасманын бет ачары буга чейин Кытай жана Европа мамлекеттеринде болгон. Режиссёрдун айтымында, эми толук метраждуу көркөм тасма кеңири аудиторияга 8 сериядан турган теле форматта сунушталат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков