Казакстандын ЖМКсы эл аралык мейкиндикте атаандаштыкка жөндөмдүү

Казакстандын ЖМКсы эл аралык мейкиндикте атаандаштыкка жөндөмдүү

Казакстандык маалымат каражаттары бири-бири менен гана эмес, эл аралык аренада да атаандаштык мамилелерди орноткон. Бул тууралуу Казакстандын маалымат жана коомдук өнүктүрүү министринин орун басары Кемелбек Ойшыбаев борбор калаада ЖМКларды жөнгө салуу боюнча мыйзам концепциясын талкуулаган жыйында билдирди. Мекеменин өкүлүнүн айтымында, мыйзамдардын артыкчылыктуу багыттарынын бири ата мекендик ЖМКнын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат. Ошондой эле, журналисттин макамын аныктоо мерчемделүүдө. Бирок аны ишке ашыруу механизмдери дагы эле каралып жатат, дейт ал.

Кемелбек Ойшыбаев, РКнын Маалымат жана коомдук өнүктүрүү вице-министри:

- Азыркы учурда макамы ушундай болушу керек, же бюджеттик мекемелердеги кызматкерлер менен теңдештирүү керек деген бир аз түшүнбөстүктөр бар. Себеби, маалымат каражаттары мамлекеттик жана мамлекеттик эмес болуп экиге бөлүнөт. Ошондуктан алардын деңгээлин мамлекеттик институттардын деңгээлине ылайыкташтыруу туура эмес. Анткени Казакстанда маалымат каражаттарынын 80 пайызы мамлекеттик эмес. Деги эле журналисттердин макамын бекитүү, деңгээлин көтөрүү зарыл экендигин түшүнөбүз. Бирок азыр кайсы багытта, кандай формада аныктайбыз деп талкуулап жатабыз.

Вице-министр пандемия маалында журналисттердин кооптуу аймакта алдыңкы катарда болгонун эске салып, министрлик үчүн приоритеттердин маанилүү блогу журналисттердин укуктарын коргоо болуп кала берерин кошумчалап өттү. Анын айтымында, бул багытта бир катар сунуштар иштелип жатат. Мисалы, эгер журналист өз ишмердүүлүгүн согуштук аракеттер, куралдуу кагылышуулар, өзгөчө кырдаалдар сыяктуу өзгөчө окуялар учурунда жүргүзсө, ага юридикалык кепилдиктерди бекитүү сунушталат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков