Нур-Султанда QAZFORUM-2021 башталды

Нур-Султанда QAZFORUM-2021 башталды

Казакстанда ата мекендик контентти көрүүчүлөрдүн үлүшү тез өсүүдө. Бүгүнкү күндө Казакстандын медиа рыногунда чет элдик жана ата мекендик каналдар рейтингинде ТОП-10го жергиликтүү телеканалдар кирди. Бул тууралуу маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри Аида Балаева казак тилиндеги контент жаратуучулардын салттуу форумунда билдирди. Мунун өзү улуттук теле-өнүмдөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жылдан жылга өсүп жатканын көрсөтүп турат, деди министр. Быйыл бешинчи жолу өтүп жаткан форумга белгилүү медиа-серепчилер, журналисттер жана редакторлор, блоггерлер катышууда. Бүгүнкү күнгө чейин ага 400дөн ашык катышуучу чогулган.

Кристиан Райт, Казакстандагы АКШ элчилигинин ЖМК, маданият жана билим берүү маселелери боюнча элчинин кеңешчиси

- Биз массалык маалымат каражаттары күчтүү, демократиялуу коомдо чоң, маанилүү роль ойнойт деп эсептейбиз. Жалпыга маалымдоо каражаттары, албетте, атаандаштыкка жөндөмдүү жана күчтүү болушу керек. Ошондуктан, биз Казакстанда ЖМКларды өнүктүрүүгө байланышкан ар кандай демилгени колдоого дайым даярбыз. Анткени биз бул өлкөнүн көп жылдык өнөктөшү болуп эсептелебиз.

Ошондой эле, QazForum алкагында эмгектери социалдык тармактарда көп колдонулган фотографтардын сүрөттөрү көргөзмөгө коюлду. Муну менен катышуучулар медиа мейкиндигинде популярдуу фото чыгармалардын чыныгы авторлору менен тааныша алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков