Президент макаласы: Алаш арыстарынын асыл мурасын илгерилетүү улана берет

Өлкө ийгилиги менен элдин жыргалчылыгына арналган Алашордалыктардын мурасын өсүп келе жаткан муунга жигердүү түрдө үгүттөө маанилүү. Жаш кезинде өлкөгө кызмат кылуунун мыкты үлгүсүн көрсөткөн Алаш ишмерлеринен сабак алуу керек. Мындай прогпаганданы Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев «Эгемендүүлүк баарынан кымбат» аттуу макаласында жасады. Ал эркиндик үчүн курман болгон ушундай улуу адамдарды эскерип, алардын мурастарын жаштарга жана дүйнө жүзүнө көрсөтүү маанилүү экендигин белгиледи. Ал үчүн ушул теманы изилдеп жүргөн окумуштуулар менен жазуучулардын эмгеги колдоого алынып, бааланууга тийиш, - дейт Мамлекет башчысы. Интеллигенциянын өкүлдөрү да боштондуктун башында турган Алаш мурасын калыбына келтирүүнүн маани-маңызы абдан маанилүү экендигин айтышат.

ЖАНГАЛИ ЖҮЗБАЙ, КАЗАК УЛУТТУК ӨНӨР УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРОФЕССОРЫ, РКНЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕРИ:

 - Албетте, бул макала биздин азыркы казак коомчулугунун дээрлик бардык актуалдуу маселелерин камтыйт десек болот. Алаш арыстары тарыхын изилдөө, иликтөө, баалоо жана азыркы коомго сиңирүү. Ошондуктан  мунун бардыгын талдап, улутка тийгизген таасирин да, жакшы жагын да айтып, өсүп келе жаткан муундун аң-сезимине сиңире берүү керек. Бул тууралуу аңгеме аталган макалада кадимкидей, көзгө сайып көрсөткөндөй ачык айтылган.