Улуу талаанын жети сыры: Казакстан тарыхындагы Сибирь улусу жана тайбуга

Улуу талаанын жети сыры: Казакстан тарыхындагы Сибирь улусу жана тайбуга

«Казакстандын тарыхындагы Сибирь улусу жана тайбуга». Борбор калаада ушундай аталышта илимий-практикалык конференция өттү. Анын катышуучулары казак мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына этностордун кошкон салымын талкуулашты. Эң чоң таасирдүү этникалык топтордун бири болгон Тайбуга улусу жана Сибирь хандыгынын негиздөөчүлөрү өзгөчө мааниге ээ болгонун өлкөнүн тарыхы көрсөтүп турат. Бүгүнкү күндө алар тууралуу фактылар илимий коомчулуктун көңүлүн бурууда. Тайбуга хан – атактуу колбашчылардын бири, Бату хандын чоң жортуулдарынын катышуучусу. Ал Чынгызхан менен Жучи хандын замандашы болгон. Алтын Ордонун түз жана негизги таянычы болгон. Адистердин айтымында, анын мамлекеттүүлүктү өнүктүрүүгө кошкон салымы зор.

Асылхан Игибаев, «Тугырылхан-Оң хан» корпоративдик фондунун төрагасы:

- Бул жыйындын максаты – элибизге ушундай улуу инсандар болгонун тааныштыруу. 400 чет элдик, европалык жана орусиялык булактар Тайбуга Бату хан менен Европага жетип, дүйнөнүн жарымын басып алганын моюнга алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков