Казакстанда ишкерлерге коюлган талаптар реестри иштелип чыгууда

Казакстанда ишкерлерге коюлган талаптар реестри иштелип чыгууда

Кошумча текшерүүлөргө жол берилбейт. Өлкөдө ишкерлерге коюлган талаптардын реестри иштелип чыгат. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Улуттук экономика министри Асет Ергалиев билдирди. Анын айтымында, мындан ары ишкердик объектилери иш жүзүндө мыйзам бузуу катталганда гана текшерилет. Буга кошумча, жаңы иш жараяны жеке бизнес ээлеринин жүгүн азайтат. Бул өз кезегинде керексиз чыгымдарды үнөмдөйт. Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, санариптештирүүгө артыкчылык берилет. Бул алды менен кызматкерлерди кагаз иштеринен арылтат.

Асет Ергалиев, РКнын Улуттук экономика министри:

- Бул реестр бизнес үчүн милдеттүү талаптарды толугу менен камтыйт. Башкача айтканда, тизмеде толук маалымат бар. Ошондой эле, тигил же бул доомат кайра каралууга же жокко чыгарылууга тийиш болгон конкреттүү даталарды көрсөтөт. Аталган реестр «Адилет» маалыматтык системасынын негизинде түзүлөт. Кошумчалай кетсек, реестрди техникалык жактан камсыздоону бул жаатта тажрыйбасы бар Юстиция министрлигине караштуу Мыйзам чыгаруу институту камсыздайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков