Жаштар «жашыл» долбоорлорду жүзөгө ашырууда

Жаштар «жашыл» долбоорлорду жүзөгө ашырууда

Казакстандык жаштар жашыл долбоорлорду иштеп чыгып, жүзөгө ашырууда. Назарбаев университетинин студенттери кампустун экологиялык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча 16 долбоорду ишке ашырышты. Иштелип чыгуулар университеттин Туруктуу өнүгүү кеңсесинин «Sustainability Living Lab» программасынын алкагында ишке берилди. Программанын максаты - студенттердин демилгелерин, прикладдык изилдөөлөрдү жана инновацияларды колдоо, ошондой эле, бул маселелер боюнча маалымат берүү. Ошентип, иштеп чыгуулар энергияны үнөмдүү сарптоого, пластикалык материалдарды иштетүүгө, кампусту жашылдандырууга, отундун альтернативдүү булактарын издөөгө, жашыл стандарттарды киргизүүгө багытталган. Алардын баары экологиялык аң-сезимди өзгөртүп, туруктуу өнүгүүгө өбөлгө түзөт. Ал эми бул дүйнөлүк тенденция, дешет долбоордун авторлору.

Султан Меңдибаев, долбоордун автору:

- Биздин долбоор «V. Elec» деп аталат. Бул спорттук активдүүлүк аркылуу электр энергиясын алууга мүмкүндүк берген жөнөкөй жана ыңгайлуу машыгуу велосипеди. Биздин алгачкы максатыбыз - ар кандай жашоо жараяндарынан электр энергиясын өндүрүү мүмкүн экенин көрсөтүү болчу. Азыркы учурда бул велосипед менен мүмкүн. Инвертор 12 вольтту кабыл алып, аны 220 вольт өзгөрүлмө токко айлантат. Мында сиз кубаттагычыңызды күйгүзүп, телефонуңузду кубаттай аласыз.

Хабиба Жүнисова, долбоордун автору:

- Биздин долбоор гидропон станциясын куруудан турат. Гидропоника — өсүмдүктөрдү топураксыз, суунун негизинде өстүрүү ыкмасы. Бул учурда сууга керектүү минералдар кошулат. Биздин гидропоникалык агрегатыбызга 120га жакын көчөт отургузууга болот. Эң негизгиси, биз аны автоматташтырдык. Агрегаттын бардык параметрлерин көзөмөлдөйбүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков