Казакстанда жаш дизайнерлердин сынагы башталды

Казакстанда жаш дизайнерлердин сынагы башталды

Талаанын рухунан шыктанып, заманга шайкеш келтирилген көчмөндөр дүйнөсүнүн кийим үлгүлөрү. Борбор калаада биринчи жолу жаш дизайнерлердин арасында Global Nomads Fashion Awards сынагы жарыяланды. Анын максаты - эскини кайра жандандырууга бел байлаган жаңы таланттарды аныктоо. Ошондой эле, өлкөнүн улуттук коду бар экспортко багытталган жана атаандаштыкка жөндөмдүү текстиль өнүмдөрүн өнүктүрүү. Бүгүнкү күндө 80ден ашык жаш дизайнерлер өз өнөрлөрүн сынап көрүүгө арыз беришти. Алардын басымдуу бөлүгү республиканын жогорку окуу жайларынын адистештирилген факультеттеринин студенттери. Негизги талап – улуттук кийимдерди заманбап санариптик стилде көрсөтүү. Катышуучулардын эмгектерин АКШ, Англия жана Орусиядан келген эл аралык мода серепчилери баалайт. Жеңүүчүлөр келерки жылдын бирдин айында беш номинация боюнча аныкталат. Мода дизайнерлери өз эмгектерин казакстандык белгилүү бренд менен чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Ирина Нечаева, долбоордун координатору:

- 19 долбоор чыгармачылык креативдүү өнүктүрүүгө багытталган. Казакстандын уникалдуулугун көрсөтүү үчүн биз ушул өлкөгө гана тиешелүү кодду издөө менен алектенебиз. Биз жергиликтүү бренд түзүп, азыркы заманбап көчмөн деген ким жана диджитал-көчмөн деген ким деген суроолорго жооп тапкыбыз келет. Бүгүнкү күндө бүт дүйнө санариптештирүү багытына бет алды. Саркечтер аталган стилге өтүп баратышат. Биз сынактын алкагында жергиликтүү туристтерге жана Казакстанга келген чет элдик туристтер үчүн ыңгайлуу кийим үгүлөрүн, өз алдынча буюмдарды жасайбыз. Алар биздин брендди көргөндө Казакстанда жасалганын дароо түшүнүшөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков