«Улуу Улус – Алтын ордо» эл аралык конференциясы

«Улуу Улус – Алтын ордо» эл аралык конференциясы

Казакстанда Алтын Ордо доорунун тарыхын изилдөөнүн жаңы ыкмалары колдонула баштады. Ата мекендик тарыхты эгемендүү мамлекет катары чечмелөө илимпоздордун алдында көп иштер турат. Бул тууралуу Атырауда Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган Улуу Улус – Алтын Ордо аттуу эл аралык конференциянын жүрүшүндө айтылды. Конференцияга Казакстан, Европа, АКШ, Түркия, Жапония жана Орусиядан 150дөн ашуун тарыхчы, серепчи жана археологдор катышууда.

Бүркітбай Аяған, тарих ғылымдарының докторы:

- «Улуу Улус – Алтын Ордо» деген конференциянын Атырауда өтүшү, менимче, бул тарыхый окуя. Совет доорунда Алтын Ордо биздики эмес, монголдуку деп жарыяланган. Ошондуктан биздин балдар казактар кайдан келип чыккан дегенде так жооп таба алышпайт. Негизи Казак хандыгы Алтын Ордодон чыккан. Башкача айтканда, Казак хандыгы түздөн-түз Улуу Улус – Алтын Ордонун мураскери.

Серхан Чынар, тарых илимдеринин PhD докторанты, /Түркия/:

- Алтын Ордо учурундагы масштабдуу жыйында түрк тарыхый улутунун бөтөнчөлүгүн калыптандырууда Алтын Ордо мураскорлорунун ролу жөнүндө кеп кылдык. Белгилүү болгондой, Алтын Ордо доору өтө татаал тарыхый көрүнүштө роль ойнойт. Бул көптөн бери изилденбеген темалар. Азыр СССР тарагандан кийин Орусия Федерациясында жана Евразиядагы казак, өзбек сыяктуу түрк мамлекеттеринин арасында бирдей деңгээлде изилденип жатат.

Кийинки жылы Алтын Ордонун доору тереңирээк изилденет. Казакстандык окумуштууларга башка да мамлекеттердин архивдеринен материалдарды издөө иштерин жандандыруу, ошондой эле бүткүл республика боюнча Алтын ордого тиешелүү калктуу-конуштарды калыбына келтирүү мерчемдерин иштеп чыгуу керек. Эске сала кетсек, мамлекет башчысы Алтын Ордо доорунун баалуу эстеликтерин дүйнөгө көрсөтүүнү тапшырган. Ал эми байыркы эстеликтер, заманбап комплекстер туризм тармагын эффективдүү өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков