Казакстан менен Венгрия соода-алмашууну арттырууда

Казакстан менен Венгрия соода-алмашууну арттырууда

Пандемияга карабастан Казакстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу соода оң темпте өнүгүп жатат. Маселен, быйылкы жылдын сегиз айында эле көрсөткүч 12 пайызга өскөн. Тараптар өз кезегинде кызматташууну арттырууга ниеттенүүдө. Казак тарап эки өлкөнүн жарандарынын саякаттоосун жеңилдетүүнү, Алматы-Будапешт авиакаттамын ачууну, ошондой эле, QazVac вакцинасын Венгрияда колдонууну сунуштады. Айыл чарба тармагында өлкөлөр бир нече келечектүү багыттарды, анын ичинде сүт жана бакма канаттууларды, кой чарбасын өнүктүрүүнү, ошондой эле, венгер селекциясынын жүгөрү үрөнүн өндүрүүнү караштырууга макулдашышты.

Михай Варга, Венгрия премьер-министринин орун басары, каржы министри:

- Товарлардын агымы чоң. Албетте, пандемия бардык өлкөлөргө таасирин тийгизди. Андыктан эки өлкөнүн соода алака-катышы үчүн экономикалык абал анча деле ыңгайлуу эмес. Бирок азыр Венгриянын экспорту өсүп келет жана былтыркыга салыштырмалуу 58 пайызга өстү. Сооданын көлөмү 330 миллион доллардын тегерегинде, муну мен чоң жетишкендик деп эсептейм. Биздин делегациянын курамында 50 венгриялык ишкер бар. Максат - ишкер топтордун жигердүүлүгүн жогорулатуу. Андыктан эки тараптан тең өнөктөштөр табылса, ишкердик активдүүлүктүн жогорулашына алып келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков