Жаңы дүйнөдөгү мамлекеттик башкарууну 40тан ашык өлкөнүн өкүлдөрү талкуулады

Жаңы дүйнөдөгү мамлекеттик башкарууну 40тан ашык өлкөнүн өкүлдөрү талкуулады

Дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүнүн өкүлдөрү борбордо чогулуп, мамлекеттик башкаруу тармагында жаңы санариптик мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү жана киргизүү маселелерин талкуулашты. Нур-Султанда Мамлекеттик кызмат хабынын салттуу конференциясы башталды. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, серепчилер, окумуштуулар катышууда. Үч күндүн ичинде катышуучулар санариптик инновацияларды киргизүү, адам ресурстарын башкаруудагы ички коммуникациялардын ролу жөнүндө айтып беришет, ошондой эле, тармакты азыркы реалдуулукка андан ары трансформациялоо боюнча жаңы ыкмаларды, чечимдерди жана идеяларды талкуулашат. Белгилей кетсек, конференциянын жүрүшүндө Астана мамлекеттик кызмат хабы ишке ашырып жаткан бир катар жаңы долбоорлор, анын ичинде эл аралык долбоорлор да көрсөтүлөт.

Алихан Байменов, Астана Мамлекеттик кызмат хабы башкаруучу комитетинин төрагасы:

- Ири масштабдуу долбоорлордун бири – бул Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү үчүн Корея өкмөтү тарабынан каржыланган, санариптештирүү жаатында мамлекеттик кызматкерлердин дараметин жогорулатууга багытталган абдан уникалдуу долбоор. Зерде холдинги менен биргелешкен дагы бир долбоор мамлекеттик башкарууда инновацияларды табууга багытталган. Кошумчалай кетсек, бүгүн биз мамлекеттик кызматта эмгек акы төлөө системасын көзөмөлдөөнүн алгачкы жыйынтыктарын тааныштырып жатабыз. Муну менен катар, биз биринчи жолу постсоветтик мейкиндиктин бардык 15 өлкөсүн чогултуп, аталган мамлекеттердеги административдик реформаларды карап чыктык.

Астана мамлекеттик кызмат хабы борбор калаада 2013-жылдан бери иштеп келет. Бүгүнкү күндө уюмга 42 катышуучу өлкө жана 80 институттук өнөктөш кирет.

Бахрам Халилов, Азербайжан мамлекеттик сынактык борбору мүдүрлөр кеңеши төрагасынын орун басары:

- 8 жылдан ашык убакыттан бери кызматташып, тажрыйбабыз менен бөлүшүп, дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаны изилдеп келебиз. Аталган

хабды үч мамлекет түзгөндөн кийин, азыр 40тан ашык мамлекет бул хабга мүчө болгондугу бизди кубандырат. Бул Астана Мамлекеттик кызматы хабынын мамлекеттик башкарууну реформалоо чөйрөсүндөгү, атап айтканда, мамлекеттик кызматта аткарган зор ишинин маанилүүлүгүн көрсөтүп турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков