Мажилис «КР адам уктуктары жөнүндөгү өкүлчүлүгү тууралуу» мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

Мажилис «КР адам уктуктары жөнүндөгү өкүлчүлүгү тууралуу» мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу органдын укуктук макамы мыйзам деңгээлинде бекитилди. Мындан тышкары, Акыйкатчынын адам жана жарандын бузулган укуктарын калыбына келтирүү боюнча ыйгарым укуктары кыйла кеңейтилет. Мажилистин депутаттары документти биринчи окууда жактырды. Мындай механизм биринчи жолу сунушталып жатат жана ал адамдын бузулган укуктарын жана эркиндиктерин калыбына келтирүүгө багытталган чараларды олуттуу бекемдөөгө мүмкүндүк берет, дешет эл өкүлдөрү. Мазмун жагынан өкүлчүлүккө адам менен жарандын укуктарын жана эркиндиктерин бузуулар жөнүндө маалыматтарды изилдөө, талдоо, даттанууларды кароонун жыйынтыгын чыгаруу функциясы жүктөлөт. Бул анын ишмердүүлүгүнө ырааттуу жана алдын алуу сапатын берет. Муну менен катар, адам укуктары боюнча ыйгарым укуктууга, анын кылмыш же административдик жоопкерчилигине кол тийгизбөөчүлүк макамы берилет. Буга байланыштуу аны жоопкерчиликке тартуунун өзгөчө тартиби киргизилет.

Нурлан Нигматулин, Казакстандын Парламенти Мажилисинин депутаты:

- Биз кабыл алган Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл жөнүндө мыйзам долбоору Президент тарабынан демилгеленген саясий реформалардын үчүнчү топтомунун алкагында иштелип чыкты. Ошол эле учурда, бузулган адам укуктарын калыбына келтирүү боюнча Акыйкатчынын ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилди. Ошентип, мамлекет менен жарандык коомдун ортосундагы көпүрө болгон Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу институтун бекемдөө боюнча маанилүү кадам жасалды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков