«Чет өлкөдөгү казак тилдүү ЖМК бирикмеси» түзүлдү

«Чет өлкөдөгү казак тилдүү ЖМК бирикмеси» түзүлдү

«Чет өлкөдөгү казак тилдүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын ассоциациясы» түзүлдү. Коомчулук Казакстан Республикасынын Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлигинин колдоосу менен Мекендештер фонду тарабынан уюштурулду. Фонддун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдө 88 казак тилдүү маалымат каражаттары иш алып барат. Аларды бириктирүү казак тилдүү маалымат мейкиндигинин көбөйүшүнө алып келет, дешет демилгечилер. Борбор калаадагы жыйындын жыйынтыгында аталган бирикменин төрагалыгына Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын депутаты Нуртөре Жусип бир добуштан шайланды.

Нуртөре Жусип, Казакстандын Парламентинин Сенат депутаты:

- Тил чөйрөсүнө, албетте, көбүнчө Орусиядагы, Монголиядагы, жада калса таза сактап жатат делген жерде, Кытайдагы мекендештерибиз, же Өзбекстандын, Түркиянын кайсыл жеринде болбосун, ошол жашап жаткан жеринин тилинин таасири болот. Бул Ассоциацияны түзүүдөгү маалымат мейкиндигинин максаты – казак тилинин табиятын сактоо. Тилдин тазалыгы үчүн аракет. Бул бир. Экинчиден, Мамлекет башчысы айткандай, казак тили улуттар аралык тилге айлана турган мезгил келди. Ошонун дагы бир далили сыяктуу. Анткени масштабын, мейкиндигин кеңейте берсе казак тилинин жайылышына чоң өбөлгө болмок.

Уюштуруучулардын айтымында, бирикменин курамына кирген бардык маалымат каражаттарынын бирдиктүү сайты ачылат. Ал жерде алар бири-бири менен тажрыйба алмашууга, материалдарды окууга, баарлашууга мүмкүнчүлүк алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков