Туруктуу өнүгүү рейтингинде Казакстан алты тепкичке жогорулады

Туруктуу өнүгүү рейтингинде Казакстан алты тепкичке жогорулады

Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча дүйнөлүк рейтингде Казакстан алты тепкичке көтөрүлдү. Ranking.kz порталынын маалыматы боюнча, өлкө Бразилия, Малайзия, Түркия, Сингапур жана Өзбекстанды артта калтырып, 59-орунга жайгашты. Белгилей кетсек, 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүүнүн күн тартиби мындан алты жыл мурун БУУнун Башкы Ассамблеясында бекитилген. 193 өлкө элдин жыргалчылыгын, экономикасын жана айлана-чөйрөнү жакшыртуу боюнча 17 максатка жеткирүү милдетин алган. Туруктуу өнүгүүнүн максаттары дүйнөдөгү жакырчылыкты, теңсиздикти жана адилетсиздикти жоюуга, ошондой эле, планетаны коргоого жана бейпил жашоону камсыз кылууга багытталган. 2021-жылга карата Туруктуу өнүгүүнүн глобалдык баяндамасына ылайык, Казакстан үч багытта өнүгүү тенденциясын көрсөткөн. Беш максат боюнча орточо жакшыруу бар. Эң башкысы эч бир көрсөткүчтөрдүн биринде абалдын начарлоосу байкалбайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков