Нур-Султанда Нобель фестивалы башталды

Нур-Султанда Нобель фестивалы башталды

«Келечек бүгүнтөн баштап». Дал ушундай аталыш менен Казакстанда кезектеги Нобель фестивалы башталды. Ар бир адам төрт күн бою жаңы маалыматтарга толгон дарстарды уга алат. Трансляция ачык түрдө дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлөт. Белгилей кетсек, Nobel Fest Казакстанда, Борбор Азияда жана Кавказда масштабдуу, таасирдүү илимий-билим берүү форуму болуп саналат. Бул ирет масштабдуу иш-чарада Жашыл чындык, Инновациялар доору, Экономика адамдар үчүн, Келечектеги кесиптер деген темалар козголду. Алдын ала маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө түз эфирге 70 миңден ашуун угарман кошулган. Баяндамачылардын арасында дүйнөлүк тарыхчы жана «Sapiens: Адамзаттын кыскача тарыхы» китебинин автору Юваль Ной Харари, Apple Siri компаниясынын негиздөөчүсү Люк Джулия, дүйнөлүк криптовалюта боюнча серепчи Гаррик Хиллеман жана башка көптөгөн адамдар бар.

Серик Нөгербеков, G-Global эл аралык катчылыгынын жетекчиси:

- Бүгүнкү иш-чаранын өзгөчөлүгү – бул жерде бир гана теоретиктердин катышуусу эмес, муну менен катар, теоретиктер менен практиктердин аралашкандыгында. Баяндамачылардын аты-жөнүн, түсүн айтпай эле коёюн, алар бул жерде эле эмес, дүйнөгө белгилүү инсандар. Алар дүйнөлүк лидерлер, жогорку ийгиликтерге жетишкен лидерлер. Өлкөбүздүн жарандарына бул фестивалга жигердүү катышып, билим алууга кеңеш берем. Анын үстүнө уюштуруучулар бул иш-чараны акысыз өткөрүп жатышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков