Нур-Султанда сейрек кездешкен эски кол жазмалар көргөзмөсү ачылды

Нур-Султанда сейрек кездешкен эски кол жазмалар көргөзмөсү ачылды

Казакстандын тарыхынын эски жазууларын изилдеген окумуштуулардын жетишсиздиги бүгүнкү күндүн чоң көйгөйү. Бул тууралуу Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган Казак мамлекети орто кылымдардагы жазма булактарда аттуу көргөзмөнүн бет ачарында белгилүү тарыхчы Тилеген Садыков билдирди. Тарыхчынын айтымында, өлкөнүн алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн чогултулган баалуу буюмдары тарыхты тереңирээк таанып-билүүгө, ак барактарды кайра жазууга чоң мүмкүнчүлүк түзүүдө. Мындай иштердин кийинки муундар үчүн орду өзгөчө болмокчу.

Тилеген Садыков, Евразия улуттук университетинин тарых факультетинин деканы, тарыхчы:

- Бул башталышы гана деп айтат элем. Даректүү тасманы толук өздөштүрө элегибиздин эки себеби бар деп ойлойм. Биринчиден, бул тилди билген, өздөштүргөн окумуштуулар, изилдөөчүлөр жетишсиз. Өзүңүздөр билесиздер, совет доорунда кириллицаны жазганды жана орусча билсең ошол жеткиликтүү деген түшүнүк бар. Араб тилин эркин билүү, фарс тилин эркин билүү, түрк тилинде жазылган материалдарды изилдөө азыркы окумуштуулардын алдындагы чоң милдет. Экинчиден, бардык келген маалыматтар жана документтердин бардыгы бирдей деңгээлге жеткен эмес. Ичинде эскилери да бар.

Белгилей кетсек, борбор калаадагы көргөзмөгө Казакстандын тарыхы боюнча сейрек кездешүүчү китептер, казак хандарынын каттары жана Улуттук кол жазмалар жана сейрек китептер борборунун фондунда топтолгон карталар коюлган. Көргөзмө бештин айынын аягына чейин уланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков