Алдыдагы 5 жылда Казакстандын 10 шаарында абанын булгануу көйгөйү чечилет

Алдыдагы 5 жылда Казакстандын 10 шаарында абанын булгануу көйгөйү чечилет

Жакынкы 5 жылдын ичинде абанын булганышы жогору болгон Казакстандын 10 шаарында экологиялык көйгөйлөр акырындык менен чечилет. Бул тууралуу Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Сериккали Брекешев «Жашыл Казакстан» улуттук долбоорунун бет ачарында билдирди. Анын айтымында, Таза Казакстан улуттук долбоорунун максаты абанын булганышын азайтуу.

Сериккали Брекешев, Казакстандын Экология, геология жана табигый ресурстар министри:

- Булгануунун жогорку деңгээли өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү жана электр станцияларында көмүр жагуу менен байланыштуу экени жашыруун эмес. Бул көйгөйдү чечүү үчүн, абасы булганган 10 шаарда, анын ичинде 16 ири өнөр жай ишканасынан чыккан зыяндуу заттар 5 жылдын ичинде 20 пайызга кыскарышы күтүлүүдө. Маселен, АрселорМиттал Темиртау абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарууну 54 пайызга кыскартуу милдетин алган.

Белгилей кетсек, Жашыл Казакстан Улуттук долбоору 11 милдеттен, 19 көрсөткүчтөн жана 48 иш-чарадан турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков