Нур-Султанда «ТЕАТР ALL NUR-SULTAN THEATRE WEEK» фестивалы өтөт

Нур-Султанда «ТЕАТР ALL NUR-SULTAN THEATRE WEEK» фестивалы өтөт

Улуу өнөрдү сагынган коомчулуктун кулагына күмүш сырга! Борбор калаада тогуздун айынын 28нен жетинин айынын 1 аралыгында ТЕАТР ALL Nur-Sultan theatre week фестивалы өтөт. Маданий иш-чаранын программасына популярдуу жана жаңы спектаклдер, таасирдүү хореографиялык көрсөтүүлөр, мастер-класстар, заманбап көркөм сүрөт көргөзмөлөрү кирет. Ага борбордун искусство борборлору менен бирге чет өлкөлүк аткаруучулар катышаары күтүлүүдө.

Асхат Маемиров, Музыкалык жаш көрүүчүлөр театрынын мүдүрү:

- Бул жолу эки театр өз сунуштарын билдирип, катышууда. Москвадагы бул эки театр да борборго өз каражаттарына, жол акысын өздөрү көтөрүп келе жатышат. Алар ушундай өзгөчө кызыгуучулук таанытты. Андыктан үч-төрт күн бою борборубуздун көрүүчүлөрү Москва театрынын, ал эми жаш балдарыбыз, жаш муундар куурчак театрынын сырлары менен тааныша алышат.

Театр жумалыгынын алкагында ар кандай багыттагы 11 чыгармачыл топ ар бир жанр боюнча 20дан ашык спектакль тартуулашат. Алардын жарымы дүйнөлүк классика жана ата мекендик чыгармалар. Күн сайын көрүүчүлөрдү кызыктуу программалар күтөт, анда ар кандай табиттеги көрүүчүлөргө спектакльдер каралган. Көпчүлүктүн назарына күн сайын 6-7 сахналык чыгармалар тартууланат. Мыкты чыгармачылык топтор атайын сыйлыкка ээ болушат.

Асхат Маемиров, Музыкалык жаш көрүүчүлөр театрынын мүдүрү:

- Жетинин айынын 1де Нур-Султан шаарынын акимиаты атайын даярдап жаткан «Театрал» театр сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн аныктайт. Акыркы күнү «Эң мыкты эркектин ролу», «Эң мыкты актриса», «Эң мыкты экинчи пландагы эркектин ролу», «Экинчи пландагы эң мыкты актриса», «Мыкты композитор», «Мыкты эпизод», «Мыкты актердук ансамбль», «Мыкты опера солисти, балет бийчиси», «Эң мыкты куурчак» спектакли сыяктуу номинациялары болот.

Фестиваль илимий-практикалык конференция менен аяктайт. Анда театр сынчылары, өнөр ээлери жана белгилүү сахна жылдыздары тармактын актуалдуу маселелерин ортого салып, талкуулашат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков