Казакстанда начар интернет үчүн айып пул көлөмү көбөйтүлүшү мүмкүн

Казакстанда начар интернет үчүн айып пул көлөмү көбөйтүлүшү мүмкүн

Казакстанда начар интернет үчүн айып пулду көбөйтүү мерчемделип жатат. Бул тууралуу бүгүн санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөр жай министри Багдад Мусин билдирди. Белгилей кетсек, Казакстан буга чейин интернет сапатынын минималдуу деңгээлин киргизген. 3G үчүн 1 мегабит, 4G үчүн 5 мегабит. Эгерде операторлор интернетти бул параметрлерден төмөндөтүп берсе, аларга айып салынат. Министрдин айтымында, бүгүнкү күнгө карата 408 текшерүү жүргүзүлүп, айып пулдардын жалпы суммасы 92 миллион теңгеге жеткен.

Багдат Мусин, Казакстандын санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөр жай министри:

- Эмне үчүн биз аны сунуш кылдык? Бул биз сунуштаган нерсе эмес, депутаттардын сунушу, биз болсо өз кезегинде айып пулдун көбөйүшүн колдойбуз. Анткени уюлдук операторлор жетиштүү акча табат. Ал эми кээ бир алыскы калктуу конуштарга барып, байланыш сапатын жүргүзүү же жакшыртуу боюнча милдеттенмени аткаргандан көрө, аларга 92 миллион теңгени төлөө оңой.

Которгон: Илгиз Жамалбеков