Казакстан менен Түркия кызматташтыгын бекемдейт

Казакстан менен Түркия кызматташтыгын бекемдейт

Казакстан менен Түркия ишкердик туризм боюнча кызматташтыкты күчөтүүдө. MICE туризминин негизги уюштуруучуларынын өкүлдөрүнөн турган түрк делегациясы Нур-Султанга бир күн мурун келген. Алар шаардын конгресс-көргөзмө жана мейманкана дараметин изилдеп гана тим болбостон, казактардын маданий мурастары менен дагы жакындан таанышты. Жыйынтыгында Казакстандын баш калаасынын инвестициялык жана туристтик дараметине баа берип, делегация бул жерде ири эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө убада беришти. Мындан тышкары, шаардын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүдөн тышкары, казакстандык бизнес өкүлдөрү менен b2b жолугушуулары уюштурулду. Анда тараптар өз ара кызматташуунун варианттарын талкуулашып, тажрыйба алмашышты.

Жалгас Молжигит, «Astana Invest» шаардык инвестицияларды өнүктүрүү борбору башкармасынын төрагасынын орун басары:

- Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, коронавирус туризм тармагына чоң таасирин тийгизди. Бир эле Казакстанда эмес, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө. Мисалы, Казакстанда туристтердин, тактап айтканда, чет өлкөлүк туристтердин саны 50%дан ашык азайып кеткен. Буга байланыштуу биз пандемияга чейинки индикаторду калыбына келтирип, туристтерди, айрыкча бизнес туристтерди Казакстанга кайтаруу боюнча чараларды көрүп жатабыз.

Угюр Кайа, Түрк компаниясынын башчысы:

- Нур-Султан шаары бизди таң калтырды. Көрө турган көптөгөн кызыктуу жерлер бар. Айрыкча MICE туризмин өнүктүрүү үчүн бул жаңы, коопсуз жана абдан кооз шаар. Биздин делегациянын курамында алты адам келди. Алардын арасында жогорку квалификациялуу туроператорлор жана туристтик компаниялардын өкүлдөрү бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков