Казакстанда мамлекеттик кызматтардын 90 пайызы электрондук түрдө жеткиликтүү

Казакстанда мамлекеттик кызматтардын 90 пайызы электрондук түрдө жеткиликтүү

Казакстандыктар кардарларды тейлөө борборлорунун кызматтарын видео чалуу аркылуу ала алышат. Тармактагы жаңычылдыкты Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөр жай министри Багдад Мусин Мажилистеги Өкмөттүк саатта тааныштырды. Министрдин айтымында, долбоор өлкөнүн бир катар аймактарында пилоттук түрдө жүргүзүлүүдө.

Багдат Мусин, Казакстандын санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөр жай министри:

- Өкмөттүк саатка бир жума калганда биз жаңы кызматты иштеп чыктык. Учурда ал пилоттук режимде төрт аймакта - Акмола, Костанай, Павлодар жана Кызылорда облустарында иштеп жатат. Башкача айтканда, бул кызматты колдонгон жарандар Калкка кызмат көрсөтүү борборуна барбастан эле биометрикалык идентификациядан өтүп, видео чалуу кызматтарын ала алышат. Кеңеш эле эмес, конкреттүү мамлекеттик кызматтарды ала алат.

Министрдин айтымында, өлкөдө санариптик документтерди колдонгон жарандардын саны 5 миллиондон ашат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн 90 пайызы, башкача айтканда, 690 мамлекеттик кызматтын 624ү электрондук түрдө жеткиликтүү. Ал эми Egov.Mobile мобилдик тиркемесинде санариптик документтердин 18 түрү ишке ашырылган.

Багдат Мусин, Казакстандын санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөр жай министри:

- Кызмат жарандарга документти мобилдик тиркеме аркылуу электрондук форматта көрүүгө, ошондой эле, анын аныктыгын текшерүүгө мүмкүндүк берет. Тиешелүү маалыматтык системалар менен интеграциялоо аркылуу документтерди санариптик текшерүү мүмкүнчүлүгү кызматы ишке ашты. Бүгүнкү күндө санариптик документтер менен аэропорттордо, темир жол станцияларында, нотариустарда, банктарда, калкты тейлөө борборлорунда жана почтада колдонууга болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков