«Казак. Алтын адамдын тарыхы» тасмасы Рим кинофестивалында көрсөтүлдү

«Казак. Алтын адамдын тарыхы» тасмасы Рим кинофестивалында көрсөтүлдү

Рим кинофестивалында «Оскар» сыйлыгынын ээси Оливер Стоун тарткан «Казак. Алтын адамдын тарыхы» даректүү тасмасынын бет ачары болуп өттү. Документалдуу фильмде тасманын чебери Нурсултан Назарбаевден интервью алган саясатчынын жеке инсандыгы эмес, Эл Башы аркылуу Казакстандын калыптануусун жана өнүгүү тарыхын баяндайт.

Оливер Стоун, режиссёр:

- Мен бул тасма менен сыймыктанам жана бул жерде көрсөтүлгөнүнө абдан кубанычтамын. Батыш Казакстанды тереңирээк жана кеңири таанып жатат. Нурсултан Назарбаев Казакстандын соңку 40 жыл ичинде басып өткөн жолу, коммунизмден жаңы формацияга өтүү, бийликти өткөрүп берүү жөнүндө айтып берет. Ельцин жана Путин менен болгон мамилелер, АКШ жана Кытай менен кызматташуу, Евразиянын чок ортосунда жайгашкан өзгөчөлүгү да айтылат.

Көрүүчүлөргө тасманын музыкалык коштоосу өзгөчө таасир калтырды. Картинаны музыка менен кооздоо казак элинин салттуу музыкасы боюнча эл аралык алдыңкы серепчи Карло Силиоттого ишенип тапшырылган. Чыгармада Совет бийлигинин кулашы жана өлкө эгемендүүлүгүнүн алган учурдагы конструктивдүү мезгили да четте калган эмес.

Аурельо Вайско, режиссёр:

- Бул улуу даректүү тасма. Оливер Стоун бүткүл дүйнөнү инсан аркылуу чагылдыруу боюнча бай тажрыйбага ээ. Ал президенттер сыяктуу абдан маанилүү адамдарга компетенттүү жана жакшы суроолорду бере алат. Бул тасма мага Нурсултан Назарбаевдин харизмасын түшүнүүгө жардам берди.

Джанни Помпони, фестиваль коногу:

- Фильм керемет, анткени Казакстандын Тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев 40 жылдын ичиндеги бардык жетишкендиктер тууралуу айтып берет. Бул мезгилде өлкөдө жашоо деңгээли тынымсыз өсүп турган.

Рим кинофестивалы тасманын дүйнөгө таанытуу турнесин баштап берди. Тасма АКШда, Кытайда жана башка Европа өлкөлөрүндө көрсөтүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков