Астерикс менен Обеликс Казакстанга келет

Астерикс менен Обеликс Казакстанга келет

Атактуу Астерикс менен Обеликс Казакстанга келет. Францияда француз комикстеринин жаңы альбому чыкты. Анда эки достун Борбор Азияга болгон саякаты тууралуу айтылат. Сценарий боюнча жаңы окуянын сюжети көчмөн уруусунун тотеми - грифонду издөөгө негизделген. Галлдар чыгыш тарапты көздөй жөнөшөт, алар байыркы көчмөн элдин - сарматтардын издеринен укмуштуу жана коркунучтуу жаратылышты табууга аракет кылышат. Башкы каармандар ат үстүндө саякатташат. Мындан тышкары, картинада укмуштуу окуялар менен бирге көчмөндөрдүн каада-салты жана жашоосу чагылдырылат. Авторлордун айтымында, сценарист тарыхый булактарды изилдөөгө көп убакыт короткон.

Селест Сюрюг, Albert Rene басма үйүнүн мүдүрү:

- Идея каармандарды мифологиялык грифонду издөөгө жибергиси келген ойдон башталат. Жана ал бул экспедицияны кардуу жаратылыш шартында жайгаштыргысы келди. Автор картага карап, окуялардын бардыгын сарматтар жеринде өткөргүсү келет. Бул тарыхта да айтылат. Байыркы грек тарыхчылары грифондор ушул аймакта жашайт деп ишенишкен.

Гиллем Де Ла Броссе, китеп дүкөнүнүн сатып алуучусу:

- Бул күтүүсүз нерсе. Окуя мурда болуп көрбөгөндөй өлкөдө орун алат. Мен жаңы укмуштуу комикстерди окуп чыгууга шашып жатам. Жаңы пейзаждарды көрүп, жаңы өлкөлөр менен таанышам деп ойлойм. Мен бул комиксти окуп, таасирленем деп ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков