«Мукагали» тасмасынын эл аралык премьерасы Таллинде өтөт

«Мукагали» тасмасынын эл аралык премьерасы Таллинде өтөт

Эстонияда «Мукагали» тасмасынын эл аралык бет ачары өтөт. Ата мекендик көркөм тасма алдыдагы убакытта жетинин айынын 12 жана 28 аралыгында өтө турган «Караңгы түндөр» 25-Таллин кинофестивалынын негизги сынактык программасына киргизилген. Бул тууралуу «Казакфильм» киностудиясынын басма сөз кызматы билдирди. Чыгармада легендарлуу казак акынынын өмүрүнүн акыркы жылдары тууралуу баяндалат. Белгилей кетсек, эл аралык фестивалдын башкы программасында казак режиссёру Адилхан Ержановдун «Жамааттык иммунитет» тасмасы байге үчүн ат салышат. Ал эми Жаштар тасмасы номинациясында режиссёр Фархат Шариповдун «18 килогерц» тасмасы бар. 1997-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан А категиориясындагы «Караңгы түндөр» кинофестивалынын негизги сынагына жалпы 19 тасма катышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков