Ташка чегерилген тарых

Ташка чегерилген тарых

Казакстандагы Тамгалы таш петроглифтери менен Өзбекстандын Сармишсай коругунун ташка чегерилген жазуулар арасында окшоштуктары бар дешет окумуштуулар. Тамгалыда адамдын түзүлүшү көп кездешсе, Сармишсай петроглифтеринде бугу менен жапайы өгүздүн сүрөттөрү көп түшүрүлгөн.

Рамазон Эгамов, Сармишсай мамлекеттик музей-фондунун мүдүрү:

- Бул ташка чегерилген өгүздөрдү жергиликтүү жерде кездештирбейсиз. Ал тургай окшоштуктар да жок. Эми бул өгүздөр кайда кетип калды деген суроо туулат? Буга байланыштуу илимпоздордун бир нече пикирлери бар. Алгачкысы - айлана-чөйрөнүн кескин өзгөрүшү. Өгүздөр жей турган азык таба албай кырылып калышы мүмкүн. Ал эми экинчи пикир: бул туяктуулар Монголияга кетип калган. Учурда бул өлкөдө чындап өзгөчө тукумдуу өгүздөрдү көрүүгө болот.

Өзбекстандын Навои облусунда жайгашкан Сармишсай мамлекеттик музей коругунун капчыгайларында 10 миңге жакын петроглиф бар. Алардын көбү коло дооруна таандык болгону менен, палеолит доорунан баштап, сак дооруна чейинки сүрөттөр көп кездешет.

Рамазон Эгамов, Сармишсай мамлекеттик музей-фондунун мүдүрү:

- Бул капчыгайлар Норвегия, Казакстан жана Орусия мамлекеттеринин окумуштуулары тарабынан бир нече жолу изилденген. Аскадагы петроглифтер ар кайсы доордо жашаган адамдардын маданиятын көрсөтөт. Мисалы, бийлеп жаткан эки адамдын сүрөттөрү бар. Бул ошол убакта уруулардын өзүнүн музыкасы жана маданияты болгонун билдирет.

Скифтердин дүйнө таанымы жөнүндө көптөгөн маалыматтарды берген эстеликтин ачыла элек сырлары дагы эле көп. Бүгүнкү күндө ал мамлекеттин коргоосуна алынган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков