Казакстандык көмүргө суроо-талап артты

Казакстандык көмүргө суроо-талап артты

Дүйнөлүк базарларда казак көмүрүнө суроо-талап күчөдү. Жыл башынан бери өлкө 23 миллион тонна көмүр экспорттоду. Жаңы сатып алуучулардын арасында Улуу Британия, Корея, Марокко, Индия жана Болгария бар. Улуу Британияга 192 миң тоннага жакын көмүр жөнөтүлгөн. Ал эми Түркия, Польша, Өзбекстан, Швейцария жана Кытай сыяктуу өлкөлөр буйрутма көлөмүн көбөйттү. Учурда өлкөдө 34 миллиард тоннага жакын катуу отундун кору бар. Ошентип Казакстан алдыңкы ондукка кирди. Ата мекендик көмүр компаниялары ушул жылдын тогуз айында 79 миллион тоннадан ашык көмүр өндүрдү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу болжол менен бир жарым пайызга көп.

Николай Радостовец, Тоо-кен өндүрүш ишканалары бирикмесинин аткаруучу мүдүрү:

- Европада газдын баасы кымбаттады. Эми алар энергиянын арзан түрлөрүн издеп жатышат. Европада гана эмес, башка бир катар өлкөлөрдө көмүр кендери кайра ачылууда. Эми биз аны кайсы мамлекетке жана кантип сатууну ойлонушубуз керек. Бул жерде өкмөттүн жардамы керек. Анткени көмүр жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн издөө зарыл.

Которгон: Илгиз Жамалбеков