«Билимдүү улут – сапаттуу билим берүү» улуттук долбоору

«Билимдүү улут – сапаттуу билим берүү» улуттук долбоору

Мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыз кылуу, региондор, шаар жана айыл мектептеринин ортосундагы ажырымды азайтуу жана жогорку билим берүүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу. Ушул жана башка милдеттер «Билимдүү улут - сапаттуу билим» улуттук долбоорунун алкагында чечилет. Мурунку мамлекеттик программалардан аталган долбоордун айырмачылыгы - бул үчүн бардыгы жооптуу болот жана аны көзөмөлдөө колго алынат.

Айта кетсек, жалпысынан Улуттук долбоор 4 багыт, 5 милдет, 15 көрсөткүч жана 26 иш-чарага негизделген. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетов Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифингде билдирди. Долбоор 2025-жылга чейин ишке ашырылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков