Казактын ак баш тукумдуу уйларын экспортко чыгаруу мерчемделүүдө

Казактын ак баш тукумдуу уйларын экспортко чыгаруу мерчемделүүдө

Казактын ак баш тукумдуу уйлары Латын Америка фермерлеринин чоң кызыгуусун жаратты. Алдыдагы убакытта өлкө бодо малдын аталган түрүн чет өлкөгө экспорттоону көздөп жатат. Бул тууралуу борбор калаада өтүп жаткан айыл чарба көргөзмөсүндө айтылды. Белгилей кетсек, ата мекендик фермерлер ак баш уйдун санын жигердүү түрдө көбөйтүүдө. Бодо малдын бул түрү ар кандай климаттык шарттарга туруктуулугу жана чыдамкайлыгы менен белгилүү.

Даурен Матакбаев, Казак ак баш ую республикалык палатасынын аткаруучу мүдүрү:

- Бүгүнкү күндө бизде Монголия менен Өзбекстандан делегациялар келди. Латын Америкадан казактын ак баш ую тууралуу уккандар да бар. Климаттык шарттар бардык өлкөлөрдө бирдей эмес, андыктан аба ырайына чыдамдуу мал башын баккандар көп. Келгендер климаттын ар кандай өзгөрүүсүнө туруштук бере ала турган жана жакшы эт бере турган жандыктарды өстүргөн жакшы дешет.

Белгилей кетсек, адистердин айтымында, учурда Казакстанда жарым миллионго жакын ак баш тукумдуу уй бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков