К. Токаев Казакстанда казак тилинин ролу жөнүндө

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев жарандарды мамлекеттик тилди үйрөнүүгө чакырды. Мамлекет башчысы аны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн «Эгемендүүлүк баарынан кымбат» деген макаласында баса белгиледи. Ошол эле учурда Токаев бул жерде балдар адабияты маанилүү ролду ойной тургандыгын белгилеген. Ошондуктан балдар үчүн жергиликтүү жазуучулардын мыкты чыгармаларынан тышкары, чет элдик авторлордун чыгармаларын которуу, басып чыгаруу жана жайылтуу зарыл. Өлкө башчысынын айтымында, азыр казак тилин билген калктын үлүшү кыйла көбөйүп, республикада мамлекеттик тил чындыгында жалпы элди бириктирүүчү факторго айланышы үчүн бардык нерсе бар. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө казакстандык жаштардын дээрлик 80 пайызы казак тилин мыкты билишет. Мындай маалыматтар менен Мамлекеттик тилди өнүктүрүү фонду бөлүштү. Серепчилер 5-10 жыл аралыгында өлкөнүн дээрлик ар бир тургуну казак тилин билишине ишенет.

АЗАТ ШАУЕЕВ, МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУНУН МҮДҮРҮ:

 - Менин оюмча, 5 жылдын ичинде Казакстандын 99,9% жарандары казак тилин билип калышат. Эмне үчүн? Анткени азыр онлайн сайттар, мобилдик тиркемелер, акысыз сайттар көп. Андыктан биздин веб-сайт аркылуу үч айда сүйлөнүү, ал эми алты айда расмий иш кагаздарын жазууну үйрөнүүгө болот. Менин оюмча, 5 жылдан кийин биздин бардык жаштар казак тилин билишет.