Казакстандын Сенаты Каспийди коргоо боюнча мыйзам кабыл алды

Казакстандын Сенаты Каспийди коргоо боюнча мыйзам кабыл алды

Сенат Каспий деңизин коргоо боюнча келишимди ратификациялады. Бул маанилүү келишимди Каспийдин жанындагы беш өлкө, анын ичинде Казакстан түзгөнүн кошумчалай кетүү керек. Ратификация өлкөлөргө Каспий экологиясын сактоо үчүн эң мыкты экологиялык технологияларды колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Деңиз чөйрөсүнүн өзгөчөлүктөрү жана жээктеги аймактар боюнча толук базаны түзүү мерчемделүүдө. Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Сериккали Брекешевдин айтымында, Конвенцияга ылайык, ар бир тараптын маалыматка жетүүсү жеңилдетилет. Бул булгануунун деңгээлин жана ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууну көзөмөлдөөгө жардам берет. Министр мыйзам долбоору Казакстан үчүн терс социалдык-экономикалык жана укуктук кесепеттерге алып келбей турганын баса белгиледи. Буга кошумча, бюджеттен кошумча акча бөлүүнүн зарылдыгы болбойт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков