Нур-Султанда «KAZAGRO/KAZFARM-2021» көргөзмөсү ачылды

Нур-Султанда «KAZAGRO/KAZFARM-2021» көргөзмөсү ачылды

Айыл чарбасындагы жаңы инновациялар, агроөнөр жай өкүлдөрүнүн ортосундагы диалог аянтчасы жана ишкердик байланыштар. Нур-Султан шаарында KazAgro/KazFarm-2021 көргөзмөсү ачылды. Иш-чарага 20дан ашык өлкөдөн 120дан ашуун компания катышууда. Көргөзмө үч негизги багытта уюштурулган. Бул айыл чарба техникасы, өсүмдүк жана жашылча өндүрүү жана мал чарбасы. Быйылкы көргөзмөнүн дагы бир өзгөчөлүгү - республиканын ири боло мал багуучуларынын арасында алгачкы мелдеш уюштурулду. Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, аталган сынак айыл жергесинде иштеген адамдардын эмгегинин маанилүүлүгүн жогорулатуу максатында өткөрүлүүдө.

Даурен Матакбаев, Акбас тукуму республикалык палатасы мүдүрүнүн милдетин аткаруучу:

- Жалпысынан Казакстандан 30 бодо мал келди. Бул жерде казактын ак баш тукумунан тышкары, ангус жана герефорд тукумдары коюлган, эки калмак букасы жөн гана көргөзмөнүн экспонаты катары келди. Анткени алар быйыл сынакка катыша алышкан жок. Бул масштабдуу көргөзмөгө катышуубуздун негизги максаты - айыл эмгекчилеринин калк арасындагы кадыр-баркын жана маанисин жогорулатуу. Башкача айтканда, малчы деген сөз адамдарды жөнөкөй же жагымсыз деп таануу эмес, тескерисинче, анын баркын билсе дейбиз. Анткени, чындыгында айыл чарбасында иштөө өтө оор, татаал жумуш.

Которгон: Илгиз Жамалбеков