Казакстанда чек арадан өтүү эрежелери жеңилдетилди

Казакстанда чек арадан өтүү эрежелери жеңилдетилди

Казакстанда мамлекеттик чек арадан өтүүдө жаңы эрежелер киргизилди. Республиканын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, чет өлкөгө чыккан адамдар үчүн бир катар жеңилдиктер киргизилген. Эми казакстандыктар акыркы сапарга узатуу зыйнатына, ошондой эле, жакын туугандарынын же ооруп жаткан үй-бүлө мүчөлөрүнө кам көрүү үчүн жубайы менен жана жашы жете элек балдары менен бирге чек арадан өтө алышат. Бирок мекеменин маалыматы боюнча, аларда тастыктоочу документтер болушу керек. Бул чет өлкөлүктөргө жана жарандыгы жок адамдарга да тиешелүү. Ошондой эле, алар үчүн Казакстандын аймагына келүүгө боло турган туугандарынын тизмеси кеңейтилди.

Ерлан Данияров, УКК Чек ара кызматы чек аралык көзөмөлдөө департаментинин офицери:

- Ата-энелер жана балдар, жубайларынан тышкары, асырап алуучулар жана асырап алган балдар, ата-энеси бир жана ата-энелери бөлөк туугандар, чоң ата, чоң энелери жана неберелери кошулду. Бул шарттарга аталаш жана энелеш туугандар кирбейт. Мындан тышкары, чет өлкөлүктөргө жубайы жана жашы жете элек балдары менен чек арадан 30 күндө бир жолудан көп эмес өтүүгө уруксат берилди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков