Түркестан-Ташкент жогорку ылдамдыктагы поезди жүрө баштайт

Түркестан-Ташкент жогорку ылдамдыктагы поезди жүрө баштайт

Түркестан менен Ташкентти байланыштырган жогорку ылдамдыктагы поезд жүрө баштайт. Бул Түркестандын Казакстан эле эмес, Борбордук Азиянын ири туристтик борбору болууга өбөлгө түзөт. Түрк туризм компаниялары да өнүгүп келе жаткан шаарга инвестиция салууга кызыктар. Бул тууралуу Казакстандын элчилиги менен Түркестан облусунун Стамбулдагы акимчилиги уюштурган жыйында талкууланды. Мында эки өлкөнүн туризминин ишкерлери чогулушту. Белгилей кетсек, буга чейин Түркестан эл аралык аэропорту жана Керуен Сарай туристтик комплекси сыяктуу ири долбоорлорго инвестиция салган түрк компаниялары бул багытта ишин улантууга ниеттенүүдө.

Нурдаулет Медеуов, Түркестан облусунун туризм башкармасынын бөлүм башчысы:

- Бир нече компаниялар, ошондой эле, авиакомпаниялардын жана туристтик компаниялардын өкүлдөрү келип жатат. Мунун баары аталган туристтик компаниялар менен келишим түзүү жана түркиялык туристтерди Түркестан аймагына тартат деген үмүттөбүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков