Astana Opera эл аралык опера академиясында окуу жылы башталды

Astana Opera эл аралык опера академиясында окуу жылы башталды

Нур-Султанда «Астана Опера» мамлекеттик опера жана балет театры алдында ачылган эл аралык опера академиясы өз ишин баштады. Жүздөгөн талапкерлердин ичинен 16 студент тандалып алынып, бүгүнкү күндө алар ата мекендик жана чет өлкөлүк мыкты мугалимдер менен бирге вокалдык жөндөмдөрүн өркүндөтүп жатышат. Үч этаптан турган сынактын жана академиянын грантынын жеңүүчүлөрү ырчылыктан тышкары, италия тилин да эки жыл бою үйрөнүшөт. Бельгиядан атайын чакырылган маэстро Франческо Медда студенттердин чеберчилигин өтө жогору деп баалады. Анын айтымында, жаш өнөрпоздорго дүйнөлүк опера спектаклинин деңгээлине жетүү үчүн талыкпай эмгектенүү керек.

Франческо Медда, Astana Opera эл аралык опера академиясына атайын чакырылган педагог/Бельгия/:

- Бир караганда баары кыйын, бирок экинчи жагынан баары абдан оңой. Анткени өз ишиңизге болгон сүйүүңүз болсо, аны өркүндөтүү оңой болот. Эң башкысы – эмгектенүү керек. Ышкыбоздордун өз ишине делген сүймөнчүлүгүн байкадым. Бул маанилүү. Мен италиялык техниканы, интерпретацияны жана поэзиянын метрикалык түзүлүшүн, орфоэпияны үйрөтөм. Италия тилинде ырдоону, кайсы муунга акцент коюу керек экендигин үйрөтөм. Артисттин жашоосу көрүүчүлөрдүн алдында концерт берүү аркылуу сынак тапшыруудан турат. Ошондуктан жаш аткаруучуларды академиянын биринчи концертине даярдап жатканыма кубанычтамын.

Белгилей кетсек, Эл аралык академиянын алгачкы концерти жетинин айынын башына мерчемделип жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков