Казакстанда Nobel Fest өтөт

Казакстанда Nobel Fest өтөт

«Келечек бүгүн». Казакстандагы эң абройлуу долбоорлордун бири Nobel Fest кийинки жумада башталат. Онлайн форматта өтө турган иш-чара үч күнгө созулат. Анын негизги максаты - Борбор Азия менен Кавказды дүйнөнүн алдыңкы инновациялык аймактарына интеграциялоого көмөктөшүү. Илимий жана билим берүүчү иш-чарага дүйнөлүк илим тармагынын окумуштуулары, илимпоздор, бизнес лидерлери жана ишкерлер катышат. Алардын арасында Нобель сыйлыгынын 10 лауреаты жана «Жетишкендик үчүн» сыйлыгынын 10 лауреаты бар. Алар Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжандын студияларын кыдырып, дүйнөгө маалымат таратышат. Нобель Фест программасы азыркы замандын глобалдык чакырыктарына жооп берген негизги 4 багытка бөлүнгөн. Бул жашыл чындык, инновациялар доору, келечектеги кесиптер жана коом үчүн экономика. Белгилей кетсек, фестивалдын алкагында студенттер үчүн атайын онлайн сабактар өтөт.

Максат Курбенов, Казакстандагы инклюзивдүү өнүктүрүү фондунун мүдүрү:

- Түз эфир 5 тилде - казак, англис, орус, өзбек жана азербайжан тилдеринде өтөт. Жалпысынан үч негизги студия иштейт. Бул Нур-Султан, Баку жана Ташкент шаарындагы студиялар, ошондой эле, Казакстан университеттеринде да студиялар иш алып барат. Жалпысынан фестивалга 200 университет, 70 өлкөдөн 50 миңге жакын катышуучу келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков