Казакстан эл аралык мобилдүү кино фестивалда төрт байгеге ээ болду

Казакстан эл аралык мобилдүү кино фестивалда төрт байгеге ээ болду

Казакстан Эл аралык мобилдүү кинофестивалда алты негизги номинациянын төртөөсүн жеңип алды. Ошентип, өлкө «Мыкты тигинен тартылган видео», «Көрүүчүлөрдүн көз жоосу», «Эң мыкты аялдын ролу» жана «Калыстар тобунун сыйлыгы» категориялары боюнча эң мыкты деп табылды. Бул тууралуу кинофестивалдын мүдүрү Дмитрий Байназаров билдирди. Баяндамачынын айтымында, сынакка 16 өлкөдөн 58 кыска метраждуу тасма катышкан. Казакстандан тышкары - Испания, Түштүк Корея, Жапония, Улуу Британия, АКШ, Бразилия, Орусия, Болгария, Доминикан Республикасы, Иран, Италия, Франция, Колумбия, Чили жана Кыргызстан катышты. Белгилей кетсек, Кыргызстан экинчи жыл катары менен фестивалдын баш байгеси – «Эң мыкты тасма» наамын жеңип алды. Бул жылы алар «Present for Future» тасмасы үчүн жеңүүчү деп табылды. Кинофестиваль Казакстанда үчүнчү ирет өтүп жатат. Жыл өткөн сайын анын популярдуулугу жана мааниси өсүүдө. Сынак келерки 2022-жылдын чын куран айында өтөт деп мерчемделүүдө.

Дмитрий Байназаров, Эл аралык мобилдүү кино фестивалынын мүдүрү:

- Бул Казакстанда өткөрүлгөн биринчи жана жалгыз мобилдүү кинофестиваль. Айкелдердин бири экинчи жыл катары менен Испанияга жөнөп кетти. Өткөн жылы Казакстандан айырмаланып, жеңиш чет элдиктерге буйруган. Быйылкыга салыштырмалуу режиссёрлордун иши жакшырды окшойт. Калыстар тобу да ошого жараша баа беришти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков