40% жакын казакстандык эл каттоого онлайн катышты

40% жакын казакстандык эл каттоого онлайн катышты

Казакстандыктардын 40 пайызга жакыны, же 7,5 миллиондон ашуун адам эл каттоонун онлайн форматына катышты. Бул тууралуу Улуттук статистика бюросунун башчысы Нурболат Айдапкелов билдирди. Улуттук иш-чарага аралыктан катышууга үлгүрбөй калган жарандар интервьюерлердин суроолоруна жооп бере алышат. Адистердин үймө-үй кыдыруусу тогуздун айынын 30на чейин созулат.

Нурболат Айдапкелов, Улуттук статистика бюросунун башчысы:

- Биздин интервьюерлер 3 миллион 792 миңден ашуун адамдан сурамжылоо жүргүзүштү. Ошентип, каттоодон өткөндөрдүн үлүшү 60 пайызга жетти. Эл каттоо биздин өлкө үчүн абдан маанилүү окуя. Ошон үчүн баарыбыз бир адамдай чогуу иштешибиз керек. Интервьюерлер да өлкө жарандары экендигин эстен чыгарбайлы. Эмгегин баалап, урмат көрсөтүп, түшүнүүчүлүк менен карооңуздарды суранабыз.

Белгилей кетсек, улуттук каттоонун негизги этабы аяктаган соң, көзөмөлдөө иш-чарасы каралган. Бул иштер жетинин айынын 1-7 аралыгы күндөрү жүргүзүлөт. Бул мезгил аралыгында респонденттердин 10 пайызы камтылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков