Германияда казакстандык сүрөтчүнүн көргөзмөсү ачылды

Германияда казакстандык сүрөтчүнүн көргөзмөсү ачылды

Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган 30 эмгек. Германиянын борборунда сүрөтчү Мадыхан Калмахановдун жеке көргөзмөсү өтүүдө. Берлиндеги галереялардын биринде экспозицияда казак тазылары менен тулпарлары тартылган сүрөттөр коюлган. Мындан тышкары, келген коноктор натюрморт, пейзаж жана портрет жанрындагы чыгармаларды көрө алышат. Көргөзмө жетинин айынын аягына чейин уланат.

Алексей Шрайнер, Ars Pro Dono галереясынын негиздөөчүсү:

- Бул чыгармага жогору баа берген немис сүрөтчүсү болду. Ал мында чындап эле анын чеберчилигин чагылдырып бере албасын айткан эле. Муну көзү курч, колу алтын, чыгармачылык дарамети чоң сүрөтчү гана жасай алат. Казакстанга болгон кызыгуу чоң. Мен казак өнөрүн дүйнөлүк чыгармачылык дүйнөсүнө кошулган эң кызыктуу жана өзгөчө деп атайт элем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков