Нур-Султанда Denis Ten Memorial Challenge эл аралык турнири өтөт

Нур-Султанда Denis Ten Memorial Challenge эл аралык турнири өтөт

Борбор калаада муз аянтчасынын чеберлери чогулат. Казакстандык фигуристтер Денис Тенди эскерүүгө арналган эл аралык турнирге катышат. Иш-чара тогуздун айынын 28-31 күндөрүнө белгиленген. Уюштуруучулардын айтымында, мелдешке 20 өлкөдөн 100 спортчу катышат. Белгилей кетсек, Denis Ten Memorial Challenge эл аралык турнири быйыл экинчи ирет өтөт.

Шамкен Байырбек, Казакстандын Маданият жана спорт министрлиги, спорт жана дене тарбия комитетинин басма сөз катчысы

- Алардын арасында быйылкы дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү жана келерки жылы Бээжинде өтө турган Олимпиадага катыша турган спортчулар бар. Ал эми 2019-жылы биринчи жолу өткөн учурда 18 өлкөдөн спортчулар келишкен. Быйыл ал бир аз да болсо көбөйүп жатат. Негизинен жалпы спортчулар жеке жана жуптук категорияда күч сынашат. Бул жылы мелдеш Эл аралык муз тебүү союзунун алкагында Челленджер категориясындагы сынакка киргизилген. Ал жерде байге алган спортчулар дүйнөлүк чемпионаттан кийин жана Олимпиададан, эл аралык Гран-приден кийин экинчи эң жогорку упайга ээ болот дегенди билдирет.

Министрликтин демилгеси менен уюштурулган иш-чараны Улуттук олимпиада комитети жана Нур-Султан шаарынын акимчилиги колдоп, Денис Тен коомдук фонду уюштурууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков