«Жамбыл. Жаңы доор» тасмасынын тартуу иштери башталды

«Жамбыл. Жаңы доор» тасмасынын тартуу иштери башталды

Советтик идеологияга каршы чыккан адам. Казакстанда сюжети мына ушуга негизделген «Жамбыл. Жаңы доор» тасмасын тартуу иштери башталды. Картина легендарлуу Жамбыл Жабаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу баяндайт. Уникалдуу долбоор акындын 175 жылдыгына карата колго алынууда. Тасма Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлигинин буйрутмасы боюнча Улуттук кинону колдоо мамлекеттик борборунун колдоосу менен чыгат. Окуялар сериясында Жамбылдын жашоосуна таасир эткен олуттуу окуялар камтылат. Бул акындардын жолугушуусу, акын ырларынын гезит-журналдарга жарыяланышы, Москвадан Иосиф Гильмандын келиши. Ошондой эле, Жабаевдин Ораз Жандосов, Бауржан Момышулы жана доордун башка көрүнүктүү ишмерлери менен жолугушуусу көрсөтүлөт. Тасманын режиссёрунун айтымында, башкы ролдорду өлкөнүн эмгек сиңирген артисттери жана белгилүү актёрлору ойношот. Фильмдин негизги жана масштабдуу көрүнуштөрү келерки жылы тартылат.

Жандос Кусаинов, режиссёр:

- Азыр биз Алматы облусунун Жамбыл районундабыз. Бул жерде үч күндүк тартуу иштери болот. Мындан тышкары, Талгар районуна барабыз. Жалпысынан, тасма бир нече этапты, бир нече мезгилди камтыйт. Күзүндө Жамбылдын 90 жаштагы учурун тартып жатабыз. Тартуу аянтындагы иштер таңкы төрт же беште башталууда. Күнүмдүк иштин көлөмү абдан чоң. Бара-бара көбөйө берет деген үмүттөбүз. Ишти баштаганыбызга үч эле күн болду. Команда толук. Актёрлор толук кастингден өтүшкөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков