Казакстандык астрофотографтын эмгеги «35AWARDS» ТОП-тизмесине кирди

Казакстандык астрофотографтын эмгеги «35AWARDS» ТОП-тизмесине кирди

Казакстандык астрофотографтын эмгеги «35awards» эл аралык сынагынын топ-тизмесине кирди. Быйыл чыгармачылык сынакка 118 өлкөдөн 1600дөн ашуун фото-сүрөтчү катышты. Жалпысынан калыстар тобуна 3 миңден ашуун чыгарма сунушталган. Бир айга созулган чакан сынактын жыйынтыгы боюнча казакстандык Евгений Бондардын Темир эдельвейс аттуу эмгеги мыктылардын катарына кирди. Карагандылык фотограф сынакка алгач эки жыл мурун катышкан. Бүгүнкү күндө аталган сынакка катышуу чебер үчүн салтка айланды. Белгилей кетсек, фотограф бул өнөр менен 2016-жылдан бери алектенет. Телескоп сатып алгандан кийин жылдыздар менен асмандын сулуулугун башкалар менен бөлүшкүсү келген. Фотографтын айтымында, ал астрофизика жанрында иштегенди жакшы көрөт, анткени ал көрүүчүлөргө чоң эстетикалык таасир берет. Евгений мындан ары да фотосынактарга катышып, казак жеринин кооздугун көбүрөөк тартууну көздөп жатат.

Евгений Бондарь, астрофотограф:

- «Темир эдельвейс» - Турген платосунда курулган обсерватория. Бул платодо өскөн жана азыр Кызыл китепке кирген гүлгө окшоштуруп салынган. Башкача айтканда, имараттын сырткы көрүнүшү гүлгө окшош. Алдыдагы убакытта Акмола, Караганды облустарын, Алматынын жанындагы кооз жерлерин кыдырууну мерчемдеп жатам.

Которгон: Илгиз Жамалбеков