Алматы облусунда кол өнөрчүлөрдүн этнофестивалы өттү

Алматы облусунда кол өнөрчүлөрдүн этнофестивалы өттү

«Жетису - Улуу Жибек Жолунун кайра жаралышы». Дал ушундай аталыш менен Алматы облусунда кол өнөрчүлөрдүн этнофестивалы өттү. Иш-чара өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналды. Чеберлер жибектен, жүндөн, кийизден, териден, жыгачтан жана табигый таштардан жасалган буюмдарды көпчүлүктүн назарына сунуштады.

Зайыт Сайдилхан, кол өнөр чебери:

- Бул биздин салттуу сайма үлгүлөрүбүз - мына бул сынар мүйүз, ал кочкордун мүйүздөрүн чагылдырат. Эгер сайманын үзүндүлөрүн бириктирсек, алар жүрөктүн силуэтине айланат. Ал эми мындай кооздолгон билериктерди биздин чоң энелерибиз тагынышат. Булардын дагы өздөрүнүн мааниси бар. Өркүнү өссүн, урпактуу болсун деген маанини билдирет.

Ал эми Анаргүл Жаманкул кызынын улуттук кийизден жасалган кийимдерди тигүү менен алектенгенине 10 жылдан ашты. Чебер аялдар үчүн коллекция да жасап чыгарган. Анын айтымында, экологиялык таза материалдардан эң кайраттуу жана кооз кийимдер тигилет. Жаш муундар арасында байыркы кол өнөрчүлүктүн популярдуулугун жогорулатуу керек, дешет уюштуруучулар.

Айкеш Мукашева, Казакстандын Эмгек сиңирген маданият ишмери:

- Бул жаш муунга келип чыккан тегин унутпашы үчүн керек. Биз улуттук мурасыбызды андан ары улантып, билишибиз зарыл. Бул бүгүнкү күндө, 21-кылымда актуалдуу. Анткени адамдар батыш маданиятын туурашат. Мен мындай иш-чаралардын көп болушун каалайт элем.

Аталган этнофестивалды салтка айлантуу мерчемделүүдө. Бул үчүн коомдук бирикмелер менен туристтик компаниялардын ортосунда меморандумга кол коюлду. Уюштуруучулардын айтымында, чеберлер фестивалы этно жана агротуризмди өнүктүрүүдө аймактын визиттик карточкасы болмокчу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков